Ысык-Көлдөгү эки адамдын өлүмү: Кайыктын айдоочусу убактылуу камак жайына киргизилди

Чолпон-Атадагы пансионаттардын биринде эс алып жүрүп каза тапкан эки адамдын окуясы боюнча «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш боюнча шектүү катары моторлуу кайыктын 16 жаштагы айдоочусу кармалып, баш коргоо чарасы каралганга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мекемеден облустук милициянын кызматкерлери эс алуучулардын жана суу транспортторунун айдоочуларынын арасында Суу объектилеринде адамдардын өмүрүн коргоо эрежелерин сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

25-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн эки киши каза тапканы белгилүү болгон. Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, 23-июлда «Таблетка» балонун сүйрөтүп бара жаткан моторлуу кайык теплоходко урунган. Натыйжада үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн. Экөө алган жаракаттарынан улам көз жумган. Дагы бир кыз баш мээси чайкалып хирургия бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каза тапкан улан менен кыз 2000-2004-жылы туулган.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров ИИМге жана жергиликтүү бийликке Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду.