Ысык-Көлдө эки эс алуучу каза тапкандан кийин скутер айдагандарга коопсуздук эрежелери эскертилди

Ысык-Көлдө жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери сууда жүрүүчү скутерлердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, «суунун жээгинде коопсуз эс алуу маданиятын калыптандыруу, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында» мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Топтун мүчөлөрү скутерлердин ээлерине жана айдоочуларына коопсуздук эрежелерин жана кырсыктардын себептерин эскертишти.

«Эң негизгиси, аралыкты сактаңыз, башка адамдардан, скутерлерден жана кайыктардан коопсуз аралыкта болуңуз. Бул кагышуу жана кырсыктардын алдын алууга жардам берет», — деди ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалай Алижанов.

Жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин Түп районунун жана Бостери айылынын пляждарында жүргүзүштү.

25-июлда Чолпон-Атадагы пансионаттардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн «Таблетка» балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Баллондо отуруп бараткан эки киши каза таап, бир адам жабыркаган.

Ысык-Көл ОИИБнен «Клоопко» моторлуу кайыктын айдоочусу кармалып, алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын билдиришкен.

Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки иштер жүрүп жатат.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров ИИМге жана жергиликтүү бийликке Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Автору: Салия Хурова