Президент прокурорлорду тергөө жүргүзүү укугунан ажыраткан мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров прокуратура органдарын кылмышты иликтөө укугунан ажыраткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 26-июлда өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзамда Аскер прокуратурасынын гана тергөө жүргүзүү укугу өзгөртүүсүз калтырылды — алар аскер кызматкерлери жана аскерге милдетүүлөр жасалган жазык иштерди тергейт.

«Мыйзам прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү, кызыкчылыктар кагылышын алдын алуу жана укук коргоо органдарынын системасында тең салмактуулукту камсыз кылуу максатында иштелип чыккан», — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыш-жаза кодексиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, тергөө жүргүзүү укугу ИИМ менен УКМКнын тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди. 

Буга чейин, 29-июнда аталган мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алышкан. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Башкы прокуратура кылмыштарды иликтөө укугуна 2021-жылы Садыр Жапаров демилгелеген жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин ээ болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Парламент прокурорлорду тергөө жүргүзүү укугунан ажыраткан мыйзам долбоорун кабыл алды

Акыйкатчы «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады