«Мамлекетке 2 млн 683 миң сом зыян келтирди». Ошто жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды

Ош шаарын айланып өтүүчү «Айланма Ош» унаа жолунун 12-17-чакырымына асфальт төшөө иштеринде мыйзам бузуу аныкталды. Андан мамлекетке 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу 28-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура транспорт министрлигинин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №21 жол тейлөө ишкананын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана «В.С.Л.» компаниясынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди текшерген. 

Текшерүүдө кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду жана асфальтбетонду төшөө боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизишкени аныкталган. Ошондой эле жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткен.

Ош облустук прокуратурасы аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу», «Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Шектүү катары №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, июндун аягында Ош шаарында салынган тротуарлардын сапаты начар экени аныкталып, Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылы өлкөнүн жолдорун куруу жана оңдоого 6 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөнүн айткан

Төрөбаев бийлик жол тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 669 даана атайын техника сатып аларын да билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштогу сапатсыз тротуарлар: Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду