Ош: «Ынтымак» телеканалы УТРКга өткөрүлүп берилди

Ош облусундагы «Ынтымак» коомдук-аймактык телерадио компаниясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен УТРКнын карамагына өткөрүп берилди. Маалыматты «Клоопко» 28-июлда президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыктады.

Токтомго минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 24-июлда кол койгон. Ага ылайык, аймактагы телеканалдын штаты, каржы жана материалдык-техникалык каражаты УТРКга берилди.

Буга чейин бийлик «Ынтымак» телеканалын жаап салууну көздөп жатканы тууралуу депутат Тазабек Икрамов айтып чыккан. Ал телеканал жетекчисиз калганын жана кызматкерлерге эки айдан бери айлык берилбей жатканын белгилеген.

Ал эми өткөн жылы президент облустардагы бардык телеканалдарды УТРКга өткөрүп берген. Анда телеканалдардын кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга жана техникаларды жаңылоого каражат бөлүнөрү айтылган.

«Ынтымак» телеканалы 2010-жылдагы Июнь окуясынан бир жыл өткөндөн кийин өкмөттүн токтому менен улут аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында түптөлгөн.

Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан аймактык телеканал алгач радиожурнал болуп чыгып, жыл соңунда телеканал катары иштей баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мамлекеттик телеканалдардын кереги барбы?». Исаковдун видеосунун айланасында эмне болуп жатат?

Садыр Жапаров бардык облустук телеканалдарды УТРКга өткөрүп берди