«Альфа Телекомдун» мурдагы башчысы Базаркуловду үй камагына бошотушту

«Альфа Телеком» (MEGA) компаниясынын сатып алуу системасындагы мыйзам бузуулар боюнча кармалган компаниянын мурдагы башчысы Азат Базаркулов мамлекетке материалдык чыгымды кайтарып берди. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Чыгымды кайтаргандан кийин, Базаркуловго карата бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына бошотулду. Соттун маалыматы боюнча, ал жана бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы эки адам  6 миллион 709 миң сомго барабар мамлекетке келтирилген зыянды кайтарып беришти. 

Базаркулов 2023-жылдын 9-сентябрына чейин үй камагына бошотулду.

Базаркулов ушул жылдын июнунда кармалган. Анда УКМКдан «Альфа Телекомдун» сатып алуу системасында мыйзам бузуу фактылары аныкталганын айтып, Базаркуловго карата «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айыптоо тагылганын кабарлашкан.

Базаркуловго чейин УКМК «Альфа Телекомдун» мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловду кармаган. 2022-жылы мартта УКМКдан Жамангулов ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча шектелип жатканын билдиришкен. Бирок 2022-жылы июнда ал үй камагына чыгарылган.