БШК Абировду Ленин округу боюнча депутаттык шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жаныбек Абировду Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечимди БШК мүчөлөрү жумушчу топтун сунушу менен 2-августта өткөн отурумда кабыл алышты.

Жумушчу топтун баяндамачысы мөөнөтүнөн мурда жана кайра шайлоо Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын Ленин округу боюнча депутатынын чыгып кетишине байланыштуу өткөрүлүп жатат деп эскертти. Жумушчу топ Абиров өз эрки менен мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып, чыгып кеткен депутат болуп саналат деп жыйынтык чыгарды. 

«Жумушчу топ Абировдун аталган округ боюнча парламент депутатын кайра шайлоого катышуусу мыйзамга каршы келет деген жыйынтыкка келди, анткени Абиров жараны Ленин районунан чыгып жатат», — деди баяндамачы. 

Бирок БШК мүчөлөрүнүн пикири ар башка болду. Кээ бирөөсү Абиров депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырганына байланыштуу жумушчу топтун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. 

Жыйынтыгында Абировду каттоодон баш тартууну БШКнын тогуз мүчөсү добушу менен колдоп, үч мүчөсү каршы добуш беришти.

Абиров БШКнын чечимине сотко даттанууга укуктуу.

Ленин аймагы боюнча шайлоону ошол округдан депутат болгон Абировдун айынан кайра өткөрүүгө туура келген. 27-мартта ал депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшырган. Ага себеп Абировдун Бишкектеги кафелердин биринде мушташка катышканы болгон

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, эл мурдагы депутаттын атына көп сын айткан. Абиров өзү «депутаттыкты мындан ары аркалоого моралдык укугум жок» деп билдирген.

Бирок ал 28-июлда фейсбуктагы барагында Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу ниети тууралуу БШКга арыз жазганын жарыялаган. Ал «өткөн айларда каталар боюнча эбегейсиз көп иштерди жасаганын жана жасаган ишине чын жүрөктөн өкүнгөнүн» белгилеп, шайлоочулардан «ага дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү» суранган.

Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Катышуу ниетин 16 талапкер, анын ичинде экс-депутат жана мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана «Эл Үмүтү» партиясынын төрагасы Аскар Алмаз уулу билдирген.