Мушташтан соң мандатын тапшырган Абиров кайрадан шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Чуулгандуу мушташтан кийин депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берди. Анын ысымы БШКнын сайтындагы талапкерлердин тизмесине 28-июлда кошулду.

Жаныбек Абиров. Сүрөт: БШК

Буга чейин Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров кайра шайлоого катыша албасын билдирген. Бирок ал БШК коллегиялдуу орган экенин, эгер экс-депутат арыз берсе, анысы караларын айткан.

«Конституциялык мыйзамда мындай норма бар. Кайра шайлоого себепкер болгон экс-депутаттын кайра шайлоого катышууга укугу жок. Экинчи жагынан моралдык жагы да бар. Мындай жоопкерчиликти оюнчук катары кабыл албаш керек», — деген ал. 

Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов Абировдун депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүсүндө жана шайлоого катышуусунда «эч кандай мыйзамдык чектөөлөрдү көрбөй турам» деп белгилеген.

«Депутаттык кызматты аркалоого моралдык укугум жок»

Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбуздөгү жылдын 27-мартында Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага Абировдун өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу боюнча арыз бергени негиз болгон.

Ал арызды «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуядан кийин жазган. Анда ал «депутаттыкты мындан ары аркалоого моралдык укугум жок» деп билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Абировду чуулгандуу окуяга катышканын сындап, «бул жүрүм-турум депутаттын этикасына туура келбейт» деп билдирген. Ошондой эле ал Абиров катышкан мушташ боюнча өлкө башчысы кабардар экенин айткан.

Кийинчерээк парламентте Абировду жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Кийин Абиров жабырлануучу — ыкчам чара көрүү тобунун кызматкеринен кечирим сураган. ЖМКдагы маалымат боюнча, жабырлануучу тосмо арыз жазып, бардык дооматтарынан баш тарткан.

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган шайлоо

Ал эми Абировдун мандатын тапшырганы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо уюштурууга негиз болуп, добуш берүү 28-майында өткөн. 

Анда эң көп добуш алган Дамира Ниязалиевага «Добуш сатып алуу» беренеси менен иш козголгон. Ал эми экинчи орунда кел жаткан Улан Сариев «добуш сатып алууга» шектелип жатканы айтылган. Ошентип, БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Аны уюштууга 18 млн 636 миң 500 сом жумшалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди