Бишкек: Ленин округунан депутатты кайра шайлоо 10-сентябрда болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоону 10-сентябрга белгиледи. Аталган чечим БШКнын 12-июлдагы жыйынында кабыл алынды.

Шайлоо кайрадан өтүп жатканына байланыштуу талапкерликти көрсөтүү, каттоо жана үгүттөө иштеринин мөөнөтү кыскарат. Ага ылайык, жарандар өзүнүн талапкерлигин 10-августка чейин коюшу керек.

Ошондой эле жыйында алдыда өткөрүлө турган шайлоого 13 млн 208 миң 800 сом жумшалары белгилүү болду.

Жокко чыгарылган шайлоо

28-майда Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо өткөн. Талапкер Дамира Ниязалиева 6185 (36,02%) добуш менен биринчи орунга озуп чыкса, Улан Сариев 11,88% добуш менен экинчи орунга илинген — ага 2070 шайлоочу добуш берген.

29-майда алдыга чыккан Ниязалиеванын үстүнөн «Добуш сатып алуу» боюнча иш козголгон. Анын штабы тинтүүгө алынып, мөөр басылып жабылган. Буга интернетте тараган аудио негиз болгону кабарланган.

Ал эми 1-июнда УКМК экинчи орунда эң көп добуш алган талапкер Сариев добуш сатып алууга шектелип жатканын билдирген.

16-июнда Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Жокко чыгарылган шайлоого келгендердин саны өтө эле аз болгон — 124 миңден ашуун шайлоочунун болгону 17 420га жакыны катышкан. Шайлоону өткөрүүгө 18 млн 636 миң 500 сом жумшалган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жаратканы, 27-мартта ал депутаттык ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырганы себеп болгон.