Ала-Арча суусуна агып кеткен киши менен кыздын сөөгү табылды

Ала-Арча тоосуна кетип, дайынсыз болуп жаткан адамды издөө иши. Сүрөт: ӨКМ

Чүй облусундагы Ала-Арча тоосуна кетип, дайынсыз болуп жаткан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

3-августта 41 жаштагы Борис Михайлов сегиз жашар кызы менен Ала-Арчага кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Алардын жакындары милицияга 5-августта кайрылган. 

Издөө иштерине ӨКМдин 39 куткаруучусу жана жоголгон адамдын 18 кишиден турган таанышы тартылган.

6-августта ыктыярчылардын бири милицияга изделип жаткан кишинин сөөгү Ала-Арча дарыясынын жээгинен табылганын кабарлаган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген. Бир нече сааттан соң кыздын да сөөгү табылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, быйыл алты айдын ичинде 60тан ашык өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан. Өткөн жылы сууга чөгүп каза болгондордун саны 85 адамды түзгөн. Кырсыктардын эң көбү жай мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кеминде дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү табылды

ИИМ: Акыркы алты айда 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапты