Бир кадр менен: Мурдагы президент Атамбаев жана Испаниянын премьер-министри 

«Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбаев Фейсбуктагы барагына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул Атамбаевдин Испанияга дарыланууга кеткенден берки алгачкы сүрөтү.

Кадырбек, Раиса жана Алмазбек Атамбаевдер, Педро Санчес жана Темирлан Султанбеков. Сүрөт: Темирлан Султанбеков.

 Сүрөткө Атамбаев аялы Раиса Атамбаева, Бишкек шаардык кеңешиндеги депутат уулу Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков болуп Испаниянын өкмөт башчысы жана Социалисттердин жумушчу партиясынын лидери Педро Санчес менен түшкөн.

«Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчести коалициясынын шайлоодогу жеңиши менен куттуктап жатабыз! [...] Шайлоодогу жеңиштен кийин биздин партия менен байланышты бекемдөөгө киришкен Испаниянын жетекчилигине рахмат», — деп жазды «Социал-Демократтардын» лидери.

Атамбаев 14-февралда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 абактан бошотулган. Ага чейин Жогорку сот саясатчынын кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга соттолгон болчу. 

Мындан тышкары, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууга уруксат берген. Атамбаевдин тарапташтары саясатчы Испанияда, премьер-министр Педро Санчестин жеке чакыруусу менен барып дарыланарын билдиришкен.

Анткен менен Атамбаев дагы деле бир нече кылмыш ишинин фигуранты бойдон калууда, алар сотто бүгүнкү күнгө чейин каралууда.