Аксыда сел жүрүп мал-жандыкты агызып кетти, 48 үйгө зыян келди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 20-май күнү сел келип, мал-жандыктарды агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сел Авлетим, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл аймактарында жүргөн. Анын кесепетинен 48 турак үйдү жана 2 соцобъектти сел суулары каптаган. Ошондой эле ички чарбалык жолдорго зыян келген.

Мындан сырткары 10 баш кой жана 2 баш жылкыны сел агызып кеткен. Жерине тиешелүү кызматтар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Аталган райондо катуу жаан-чачында сел жүрүп турат. Алардын эң каргашалуусу 2021-жылы болуп, сегиз адамдын өмүрүн алган.

Апааттан каза болгондордун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөн. Алты маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн 300 миң сом, ал эми 12 жашар өспүрүм менен беш жашар баланын үй-бүлөсүнө 150 миң сомдон берилген. Бул каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксы районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

«Аман калышса болбойт беле?» Аксыдагы селде жакындарын жоготкондордун аза кайгысы

Аксыдагы селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилди