Финансы министрлиги «Куланак» ГЭСин курууга 88 миллион долларга кепилдик берди

Өкмөткө караштуу Финансы-кредиттик фонду Нарын облусундагы «Куланак» ГЭСин курууга жалпы суммасы 88 миллион АКШ долларлык кепилдик келишимине кол коюлду. Бул тууралуу 8-августта Финансы министрлигинен билдиришти.

Долбоорду «Нарын өндүрүштүк ишканасы» демилгелеген — жалпы наркы 127,9 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 88 миллиону Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

«Куланак» ГЭСин 2025-жылдын аягында ишке киргизүү пландалууда. Курулуш учурунда 700дөн ашык киши, объект ишке киргенде 97 адам иш менен камсыз болору белгиленди.

«ГЭСти ишке киргизүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылып, отун ресурстарына көз карандылыгын азайтат. Нарындын калкынын керектөөлөрүн толук канааттандырат. Айыл чарба багытындагы сугат жерлердин көбөйүшүнө алып келет жана өлкөнүн бюджетине кошумча чегерүүлөрдү камсыз кылат», — деп белгилешти министрликтен.

Аталган ГЭСтин кубаттуулгу 100 МВт болот. Ал эми узак мөөнөттө орточо электр энергиясын иштеп чыгуусу 435, 2 миллион кВтты түзөт

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Куланак ГЭСин жана цемент заводун курууга 89 млн доллар берет

Евразия өнүктүрүү банкы «Куланак» ГЭСтин курулушун каржылайт