Шаардык сот Айжан Мырсанга кастыкты козутуу үчүн чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту активист Айжан Мырсанга карата улуттар аралык кастыкты козутуу иши боюнча чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун 4-августтагы чечиминде айтылат.

Мунун менен шаардык сот Биринчи май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Биринчи май райондук соту аны 22-мартта ачык же интернет аркылуу расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Анда райсот Мырсанды 100 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Активистке карата кылмыш иши 2022-жылдын июлунун ортосунда козголгон. Милициянын версиясы боюнча, активисттин соцтүйүндөрдө тарап кеткен видеодогу сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козуткан имиш.

Милиция видео соцтүйүндөрдө кызуу талкууланып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн болгон деп эсептейт.

Мырсан өзү бейтааныш адамдар анын түз эфиринен бир мүнөттүк кыска үзүндүсүн кыркып алып, монтаждап туруп TikTok жана Instagram’га чыгарып жиберишкенин айткан. Активист эч кимди улуттар аралык кастыкты козутууга чакырбаганын, кылмыш иши «кимдир бирөөнүн буйрутмасы» менен козголгон деп билдирген.