Temirov Live: ИИМдин кызмат адамына байланышы бар компания бир нече мамтендерди утуп алган

Өзгөн районунун Кашка-Терек айылына мектеп куруу боюнча 90 миллион сомдук тендерди ИИМге караштуу башкармалыктын жетекчиси Айдынбек Түркбаевге байланышы бар компания утуп чыккан. Муну 8-июлда Temirov Live командасынын журналисттери аныкташты.

Маалыматка ылайык, 225 орундуу мектеп куруу боюнча тендерге бир гана «Тап и К» компаниясы катышып, утуп чыккан. Фирма курулушту 91 миллиондон ашык сомго баалаган. 

Юстиция министрлигинде «Тап и К» компаниясынын жетекчиси катары 28 жаштагы Жибек Түркбаева көрсөтүлгөн. Журналисттер Жибек ИИМдин Курулуш-монтаждоо мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Айдынбек Түркбаевдин кызы экенин аныкташкан.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында Түркбаев аталган компаниянын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Айрым басылмалардагы буга чейинки маалыматтарда да Түркбаев «Тап и К» компаниясынын жетекчиси деп жазылган.

«Башкача айтканда, тендерди утуп алган фирманын негиздөөчүсү Түркбаеванын биз божомолдогон атасы дал ушул курулуш боюнча жогорку мамлекеттик кызматты ээлейт. “Тап и К” фирмасы 2019-жылдан 2022-жылга чейин 26 миллион сомдук беш тендерди уткан», — деп белгиледи Temirov Live командасынын журналисти.

Түркбаевге тиешеси бар дагы бир компания

«Тап и К» фимасы көрсөтүлгөн даректе «Сансызбай» аталышындагы дагы бир компания катталган. OSSRP’нин маалыматына ылайык, бир нече жыл мурда компанияны Айдынбек Түркбаев негиздеген. Азыр аны Сейликан Артыкова жетектейт — журналисттер ал Түркбаевдин жубайы экенин айтышууда.

«Жазында Өзгөн районуна суу менен камсыздоо тутумун куруу боюнча тендерди 31 миллиондон ашык сомго баалаган “Сансызбай” компаниясы уткан. 2020-2021-жылдары аталган фирма ар кайсы мекемеден 52 миллон сомдук беш тендер уткан», — деди журналист.

Журналисттер Түркбаевден комментарий алуу үчүн телефон чалышкан, бирок байланышууга мүмкүн болгон эмес. Анын жубайы Сейликан Артыкова аталган компаниялар утуп алган тендерлерге Айдынбек Түркбаевдин «эч кандай тиешеси жок экенин» билдирген.

«"Сансызбай" компаниясын балам иштетет. Ошондон маалымат алсаңар болот. [...] “Тап и К” компаниясын кызым жолдошу менен иштетет. Айдынбек өзүнүн жумушу менен алек», — деген ал.

Көп өтпөй Артыкованын «таанышы болом» деген киши чалып, журналистти жолугушууга чакырган. Кийин дагы бир киши байланышка чыгып, «чын эле журналистсиңерби» деп кызыккан. Getcontact’та номерлердин бири Жолдубек Түркбаев, экинчиси Нурбек Түркбаев деп сакталган.

Temirov Live’дын маалыматына ылайык, Айдынбек Түркбаевдин бир туугандары да мамлекеттик кызматта иштейт:

  • Адамбак Түркбаев — Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси.
  • Пазылбек Түркбаев — мурда билим берүү министринин орун басары болгон. OSSRP’нин маалыматына ылайык, ал да мурда «Тап и К» компаниясын негиздегендердин бири болгон.

Тендер — бул мамлекеттик сатып алуу процесси. Анда маморган кызматты же товарды кандай көлөмдө, канча сомдон сатып алууну каалап жатканын жарыялайт. Катышуучулар болсо иштин баасын бычып, сынакты эң аз баа сунуштаганы утат.

Бул мамлекетке кызмат көрсөтүүчүлөрдү атаандаштыктын негизинде тандап, минималдуу чыгым менен ишти бүтүрүүгө жол ачат.

Мыйзам боюнча, мамлекеттик жогорку кызматтагылар менен байланышы бар компанияларга тендерге катышууга жол берилбеши керек. Ошондой эле негиздөөчүлөрү жана жетекчилери бири-бири менен бизнес кызыкчылыктары бар компаниялар да тендерге катыша алышпайт.

Негизги беттеги сүрөт Финансы министрлигинин сайтынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Жарым жылда президент менен минкаб төрагасы жеке учак жалдоого 53 млн сом сарптаган

Temirov Live: Президенттик администрацияда жооптуу кызматтагы чиновниктердин балдары иштейт