Кой-Таш окуясы: Темирлан Султанбеков Башкы прокуратурага кайрылды

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Ал кайрылууну 9-августта фейсбук барагына жарыялады.

Султанбеков көзөмөл органга Кой-Таш окуясындагы 1700 жабырлануучунун арызын кароо өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, кайрылгандардын арасында ок жегендер да бар.

Анда арыз ээлери төрт жыл мурда өздөрүн «жабырлануучу» деп таануу боюнча Башкы прокуратурага кайрылганы, бирок азыркыга чейин алардын өтүнүчүнө эч кандай жооп болбогону айтылат.

Азырынча Башкы прокуратура Султанбековдун кайрылуусу тууралуу комментарий бере элек.

Кой-Таш окуясы

Кой-Таш окуясы. Сүрөт: Дмитрий Мотинов, Kloop.kg үчүн

Кой-Таш окуясы 2019-жылдын августунда болгон. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган

Операциянын жүрүшүндө Атамбаевдин тарапташтары милиция жана спецназ менен кагылышкан. Натыйжада спецназдын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. 170тен ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаеавдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга соттолгон. 2019-жылдан бери бир нече кылмыш иши козголуп, камакта отурган Атамбаев 2023-жылдын 14-февралда абактан бошотулган. 

Ал Испанияга премьер-министр Педро Санчестин жеке чакыруусу менен барып дарыланары белгилүү болгон. Анткен менен Атамбаев дагы деле бир нече кылмыш ишинин фигуранты бойдон калууда, алар сотто бүгүнкү күнгө чейин каралууда.

Ал эми Кой-Таш окуясына байланыштуу айрым саясатчылар акталган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иштери Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда териштирилүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү штурмга алынганына үч жыл болду. Азыр эмне болуп жатат?

Кой-Таш окуясы Жээнбековдун режимин кулатып, азыркы укуктук башаламандыкка алып келди — Атамбаев