Бир кадр менен: D Billions Казакстандын Санарип министрлиги менен бир нече долбоорду макулдашты

Кыргызстандын популярдуу D Billions YouTube-долбоорунун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев Казакстандын Санарип өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин башчысы Багдат Муссин менен жолукту. Бул тууралуу 10-августта Үмөталиев Инстаграм барагына жазды.

 

View this post on Instagram

 

A post shared by Ernist Umetaliev (@eka_music)

Ал жолугушуунун жыйынтыгында алар келерки жылга карата бир нече долбоор боюнча макулдашышканын айтты.

«Бул биздин боордош эл менен мындан аркы тыгыз кызматташтыбыздын маанилүү кадамы болот. Чакырууга жана убакыт бөлгөнүңүздөр үчүн чоң рахмат. Көрсө, урматтуу министрдин балдары да биздин көрөрмандар экен», — деп жазды D Billions’тун жетекчиси.

D Billions — Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, контентин эл аралык аянтчаларга, көбүнчө YouTube каналына чыгарып келет.

D Billions’тун YouTube каналынын 26 миллиондон ашуун катталуучусу бар. 2021-жылдын сентябрында D Billions YouTube’дун бриллиант баскычына ээ болгон.

Ушул жылдын май айында D Billions тобу менен Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жолуккан, ал чыгармачыл топту «өлкөнүн чоң сыймыгы» деп атап, маданияттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамотасын тапшырган.

Автору: Медина Шамшидинова