УКМК: Талас медициналык коллежинин директору 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Талас медициналык коллежинин директору 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 9-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, окуу жайынын директору жана башка кызматкерлери абитуриенттерди окуунун бюджеттик жана контрактык түрлөрүнө кабыл алууга жардам бергендиги үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

УКМКдан белгилешкендей, кармалгандар кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолорунун даяр жоопторун берип турушкан.

Учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, Бишкекте студентти жайкы сессияга киргизип, жакшы баа алууга жардам берем деп 25 миң сом пара алган Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык коллежинин мугалими кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: КУУнун Юридикалык коллежинин мугалими студенттен 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкектеги №61 мектептин мурдагы директору Низовскийге пара алуу үчүн 50 миң сомдук айып салынды