Сот экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулунун абактан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди

Мурдагы депутат Самат Ибраевдин «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» айыпталган уулу Данияр Ибраев 20-июлда пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыккан. Бул боюнча Бишкектин Свердлов райондук соту 11-августта түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Ибраевге карата «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен тагылган айып далилденген эмес.

Ал эми Ибраев «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилген — бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошотулган.

Ошондой эле сот аны жабырлануучуга үч ай ичинде жалпы 19 миллион 821 миң доллар зыяндын ордун толтуруп берүүнү милдеттендирген — эгер өз убагында төлөбөсө, камалары айтылат.

«Сот айыпталуучунун инсандыгын, мурда соттолбогонун, туруктуу жашаган жери бар экенин, жабырлануучуларга келтирген зыяндын ордун толтурууну убадалаганын жана алардын тосмо арызын эске алуу менен пробациялык көзөмөл колдонду» — деп айтылат райондук соттун билдирүүсүндө.

Ибраевдин кармалышы

Данияр Ибраев «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелип Интерпол тарабынан бир нече жолу издөөгө алынган.

ИИМдин маалыматына ылайык, «Металлист» каймана аттуу Ибраевдин үстүнөн 2019-жылы Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш объектилерине материал ташып берүүнү убадалап, алардын 19 млн 821 миң доллар акчасын алдап кеткен.

2020-жылдын февралында ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, көп өтпөй Болгариянын София шаарында кармалган.

Кийин Ибраев аппеляциялык даттануу келтирип, үй камагына чыккан. 2022-жылдын майында Болгариянын Варна шаарынын райондук соту анын бөгөт чарасын камак түрүнө өзгөрткөн. Шектүү ошондон бери дайынсыз болуп, үстүбүздөгү жылдын 18-январда Болгарияда кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Экс-депутат Саматбек Ибраевдин издөөдө жүргөн уулу кайрадан Болгариядан кармалды