Ысык-Көлдө Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү өтүп жатат

Ысык-Көл облусунда 1916-жылдагы Улуттук боштондук күрөшкө арналган жөө жүрүш өтүп жатат. Бул тууралуу 12-августта «Эсимде» изилдөө аянтчасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүрүш 11-августта башталган. Анын катышуучулары 1916-жылдагы боштондук күрөшкө байланышкан эс тутум жайларын зыярат кылышууда.

«Жүрүштүн негизги максаттары колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу», — деп белгилешти изилдөө аянтчасынан.

Эскерүү жүрүшүнүн маршруту болушунча көтөрүлүшчүлөр Үркүндө басып өткөн жолдорду камтыйт. Катышуучулар жолду катар боштондук күрөшү тууралуу окуялар жана маалыматтар менен бөлүшөт.

Үркүндү эскерүү жүрүшү өткөн жылдын август айында да болгон. Анда катышуучулар Чүй өрөөнүнөн жол тартып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин барган.

Кыргызстанда август айынын алгачкы жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Андан тышкары Үркүн окуялары 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө да белгиленет.

Улуттук боштондук күрөш

Кыргыз тарыхында Үркүн деп Борбор Азиялык элдин орус падышачылыгына каршы көтөрүлүшү айтылат.

1916-жылы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу жол менен басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоосунан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Көтөрүлүштүн жүрүшүндө жана аны басууда 16 миңден ашуун адам каза болгон. 130 миңден ашууну Кытайга качкан — алардын көпчүлүгү жолдо набыт болгону айтылып келет.