23 жаштагы жигиттин өлүмү: Милиция шектүүлөрдү кармоо учуру тартылган видео эски экенин тастыктады

Бостериде каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелгендердин кармалганы тууралуу видеодо эски кадрлар колдонулган. Бул тууралуу «Клоопко» 14-августта Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдү кармоо түнкүсүн жүргүзүлүп, видеонун сапаты абдан начар болгондуктан архивдик видеолор колдонулган.

Буга чейин ИИМ Аманкуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалганы боюнча видео жарыялаган. Көп өтпөй журналисттер аталган тасма эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган учурда тартылганын аныкташкан.

ИИМдин каналына жарыяланган видеонун скирншоту.

23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү

14-августта ИИМ 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелген төрт киши кармалганын билдирди. Маркумдун достору жана туугандары Аманкулов ур-токмоктон каза тапканын айтышкан.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу 100дөн ашык киши суралып, 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө беришкен. Алар окуя болгон жерге жакын жайгашкан бар, кафе, ресторан жана дүкөндөрдүн жумушчулары.

Адам өлтүрүүгө шектелип кармалгандар 28 жана 32 жаштагы жарандар. Алар эки айга камакка алынды.

Аманкулов 6-августка караган түнү «Алтын кум» пансионатында каза тапкан. Алгачкы сырткы кароодо жигиттин денесинен ур-токмоктун кандайдыр бир белгилери байкалган эмес.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум көл жээгиндеги барда эс алып жатканда белгисиз бирөөлөр менен чатакташа кеткен. Кийин ал ошол эле бардын жанынан эс-учун жоготкон абалда табылган — биринчи жардам көрсөтүү эч кандай натыйжа берген эмес.

Каза болгон жигиттин туугандары жана достору иликтөөгө нааразы болуп, президентке кайрылышкан.

Кийин 7-августта бул ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон. Ага чейин президент милицияга жана өзүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Ысык-Көлдө эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоону тапшырган болчу.