Бишкекке 25 жаңы автобус келди

Бишкекке 25 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Бул Кыргызстан Кытайдан сатып алган 1000 жаңы автобустун биринчи партиясы. Автобустардын 500 бирдигинин биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылдын ичинде, кийинкилери 2024-жылы келери күтүлүүдө.

Жаңы транспорттун келишине даярдык көрүү үчүн шаар мэриясы июлда 300 эски автобусту саткан. Ошондой эле Бишкек автотранспорт ишканасында ремонт иштери жүрүп баштаган.

Автобустардын жаңы партиясын сатып алуу чечимин президент Кытайга жасаган сапары учурунда автобустарды чыгарган Zhongtong компаниясына барганда кабыл алган. Мэрия буга чейин аталган компаниядан 120 даана автобусту сатып алып, бул 2022-жылы чууга себеп болгон.

Кытайлык компания менен түзүлгөн пайдасыз келишим

2022-жылдын августунда Бишкек мэриясы жалпы суммасы дээрлик 11 млн долларга газ кыймылдаткычтуу 120 даана автобус сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Аталган 120 автобус 2023-жылдын январында Бишкекке алып келинип, шаар жолдоруна каттамга чыкккан.

2022-жылдын октябрында, Бишкек автотранспорттук муниципалдык ишканасын текшерүү учурунда прокуратура автобустардын баасы 154,8 млн сомго ашыкча көрсөтүлгөнүн аныктаган. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, ишкана 120 жүргүнчү ташуучу автобусту сатып алуу боюнча Кытайдын Zhongtong bus Holding Co., LTD. компаниясы менен Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзгөн.

Башкы прокуратура «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Атайылап пайдасыз келишим түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Бирок, басма сөз жыйында калаа мэриясынын транспорттук департаментинин начальниги Максат Нусувалиев бийлик автобустарды сатып алууда чыгым болбой эле 300 млн сомго жакын үнөмдөп калганын билдирген. Анын айтымында, мэрия автобустарды көбүрөөк сатып алганга мүмкүнчүлүк берген эң арзан вариантты тандап алган.

Автору: Акылай Курманова