Ноокат: Сот асынып алган 12 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген кишини камакта калтырды

Ноокат району

Ош облусунун Ноокат районунда 12 жаштагы баланы «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирди» деп шектелип жаткан 36 жаштагы киши камакта калтырылды. Бул тууралуу «Клоопко» 14-августта облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек. 

Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында өспүрүмдүн асынып алганы тууралуу 25-июлда белилүү болгон. Окуя райондук милицияга каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Бул боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү шектүү катары Ноокаттын 36 жаштагы тургуну кармалган.

Кийин «Турмуш» басылмасы өмүрүн кыйган өспүрүм үйүнө кат таштап кеткенин жазган. Анда бала айылдашы аны «катуу урганын» белгилеп, шектүүнүн атын жазып калтырган.

«Ава, мени кечирип коюңуздар. Мен сиздерди жакшы көрөм. Айылдагы “Н” деген баланы тааныйсыздар, ошол мени катуу урду. Аткана жакты карап коюңуздар. Менден ыраазы болуңуздар», — деп жазган ал.

Азыркы тапта бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Асынып алган аялдын жакындары анын күйөөсү жаза албай жатканына нааразы болууда

Ноокат: Медреседе 12 жаштагы баланы катуу сабагандарга карата кылмыш иши кыскартылды