Бишкек: Коомдук транспортто жүргүнчүлөргө кол салган алты чөнтөкчү кармалды

Бишкекте коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн акчасын, буюмдарын уурдап, денесине залал келтирүүгө шектелип жалпы алты киши кармалды. Бул тууралуу 15-августта шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга жабырлануучулар тарабынан бир нече арыз түшкөн. Алардын бири бейтааныш адам коомдук транспортто капчыгын ууроого аракет кылганын, байкап калганда шектүү анын жашы жете элек баласына кол салганын айтып берген.

Бул боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары алты киши кармалган — алардын экөө 18, калгандары 17, 22, 25 жана 28 жашта.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда ар кандай үлгүдөгү алты телефон табылган. Алар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына жана түзөтүү абагына киргизилди.

Кармалгандардын экөө 9-августта маршруттук автобустун жүргүнчүлөрүн белгисиз курал менен коркутканы үчүн кармалган. Милициядан экөө тең буга чейин бир нече жолу соттолгонун белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Маршруткада жүргүнчүлөрдү коркутуп, «отвёртка» менен тап берген балдар кармалды