УКМК ЧВК Вагнердин катарында согушкан кыргызстандык кармалганын ырастады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өткөн жылдын февралында башталган Орусиянын Украинага каршы согушунда ЧВК Вагнердин курамында согушка катышкан кыргызстандыктын кармаганын тастыктады. Бул тууралуу 15-августта мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштегени барган. Ал жерден камакка алынып, Орусиядагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан.

Орусия Украинага каршы согуш ачканда ЧВК Вагнер* аны согушка тартып, ал контактык негизде «Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан» аскер тобунун катарына кошулган.

*Орусиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан борбор азиялыктар ЧВК Вагнердин катарына тартылып жатканы тууралуу маалыматтар ушул жылдын башында айтыла баштаган. ЖМКнын маалыматына ылайык, Украинада каза болгон кыргызстандыктардын жок эле дегенде 17си ЧВК Вагнер аркылуу согушка тартылган.

Шектүү 1-августта кармалып, иш сотко өткөн. УКМКдан кыргыз жаранынын башка өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалдарга катышуусу мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертишти.

Буга чейин кыргызстандыктын кармалганы тууралуу «Азаттык» басылмасы жазып чыккан. Алардын маалыматына ылайык, шектүү Нарындын 27 жаштагы тургуну болгон.

Кармалган тургундун жубайынын айтымында, күйөөсү 2020-жылы Орусияга иштегени кетип, бирок бир жылдан кийин баңгизат менен кармалып, 10 жылга соттолгон. Ал эми 2022-жылдын аягында ЧВК Вагнердин катарына тартылып, Украинага жөнөгөн.

Бул Кыргызстандын жараны Украинадагы толук масштабдуу согушка катышканы расмий тастыкталып, согушка жалданганы үчүн мекенинде кармалган экинчи учур.

Украинадагы согуш

2023-жылдын январында УКМК 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулун кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал кыргыз жарандыгына ээ болуп туруп, Украинанын аймагына барып, «аскердик топтордун катарында согуштук аракеттерге катышкан».

Натыйжада Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек уулун жалдамчылыкка айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Ал соттолгондон кийин аны менен Орусиянын RT телеканалынын журналисттери байланышкан. Кубаныбек уулу журналисттерге курган маегинде Орусия бийлигинен жардам жана орус жарандыгын сураган. Орусия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова анын ведомствосу Кубаныбек уулуна жарандык берүү маселесин карап жатат деп жооп берген.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага ири масштабда кол салуусун баштаган. Алардын Украинанын аймагындагы аскердик аракеттери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

БУУнун 14-августка карата малыматына ылайык, Украинадагы согушта бери эле дегенде 9 444 жай тургун курман болду. Дагы 17 миңден ашык адам жарадар болгон. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилеп жатат. Бул тууралуу украин бийлиги да айтууда.