Башкы прокуратура Кой-Таш окуясында жабыркаган 1700 адамдын арызын «тыкыр» кароону тапшырды 

«Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Башкы прокуратура Аскер прокуратурасына 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында жабыркаган 1700 адамдын арызын «тыкыр» карап чыгууну тапшырганын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук барагында жазды

Башкы прокуратуранын Султанбеков жарыялаган жообунда, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери ведомстводон Кой-Таш окуясы боюнча 1700 адамды жабырлануучу катары таанууну өтүнгөнү айтылат.  

Прокуратуранын жообу: Сүрөт: Темирлан Султанбеков

«Мен жаңы каралып жаткан иштин автору катары, ошондой эле демилгечи топ, жарадар болгондор жана жабыркагандар Аскер прокуратурасына чакырууну күтөбүз. Прокуратурага тез реакция кылганы үчүн рахмат, мындан ары да баары ушундай эле конструктивдүү нукта уланат деп ишенебиз», — деп жазды ал. 

Кой-Таш окуясы

Кой-Таш окуясы 2019-жылдын августунда болгон. Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясынан кармап келүү операциясынын жүрүшүндө анын тарапташтары милиция жана спецназ менен кагылышкан. Натыйжада спецназдын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. 170тен ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Камакка алынгандан кийин бийлик Атамбаевге Жазык кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон, алардын ичинде массалык башаламандыктарды, адам өмүрүнө кол салууну жана адамдарды барымтага алууну уюштуруу айыптары бар. Айып Атамбаевдин бир катар тарапташтарына да тагылган. 

2023-жылдын февралында Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу иши боюнча өкүмдү жокко жокко чыгаргандыктан Атамбаев колониядан бошотулган. Бул иш боюнча ал 11 жылга соттолгон болчу. 

Анткен менен Атамбаев дагы деле Кой-Таш айылындагы окуя боюнча иштин фигуранты.