Баткен: Чек ара жаңжалында кожоюну окко учуп, имараты өрттөлгөн тоок ферма кайра курулду

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 40 миң тоокко ылайыкталган ферманын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу 22-августта облустук администрациядан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, учурда ферманын курулушу жана жабдууларды орнотуу иштери дээрлик аяктады. 

«Жабдуулар Түркия мамлекетинен алып келинген. Иш процесси заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт. Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү бийликтен жаңы курулган тоок фермадан күнүгө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөрү күтүлүп жатканын айтышты. Өндүрүлгөн продукция ички базарларга жана экспортко чыгат. 

2022-жылы 14-сентябрда башталган куралдуу коогалаңда Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы тоок ферма өрттөлүп, кожоюну Матиса Надиров каза тапкан. Мындан тышкары, Надировдун үйү дагы күйүп кеткен.

Тоок ферманын курулушу үчүн Надировдун уулу, ишкер Адилет Абдивалиевге мамлекет тарабынан 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Матиса Надиров Ак-Сай айылын өнүктүрүүнү максат кылган жеке ишкер болчу. Буга чейин «Салам Баткен» жергиликтүү басылмасына берген интервьюсунда, Надиров чек арада «кандай гана жаңжал чыкпасын айылды таштап кетпейм» деп айткан. Ишкердин сөөгү 17-сентябрда табылган, анын ичине жана мойнуна ок тийгени белгилүү болгон.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Сай: Чек ара жаңжалында Матиса Надировдун үйү, тоок фермасы өрттөлүп, өзү октон мерт болгон

HRW’нин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча отчёту. Бийлик жана активисттердин пикири