Аскар Акаев Путин күзүндө Кыргызстанга келиши мүмкүндүгүн айтты

Биринчи бозгун президент Аскар Акаев Орусиянын RT телеканалына маек курду. Интервьюда Акаев быйыл күзүндө Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин барып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

Ошондой эле ал 2000-жылы Путин экөөнүн ортосунда «түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк» жөнүндөгү келишимге кол коюлганын айтып берди. 

«Мен бүгүн Кыргызстан бул салтты улантып жатканына өтө кубанып, бактылуу болуп турам. 2023-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров [Орусияга] сапары менен келип, Москвада 9-майда Жеңиш парадына катышкан. Буга баарыбыз абдан кубанганбыз. Бул алдыга карай жаңы кадам. Азыр болсо Путиндин ушул күздө Кыргызстанга расмий иш сапарын өтө чоң ынтызарлык менен күтүп жатышат. Бул 2003-жылы ачылган Канттагы авиабазанын ачылышынын 20 жылдыгына байланыштуу», —деп билдирди ал. 

Ошондой эле басылманын журналисттери Кыргызстанда Украинада Орусия тарапта болуп согушка катышкан адамдардын соттолгонуна Акаевдин көз карашы кандай экенин сурашты.  

«Муну тереңинен караган эмесмин, бирок Кыргызстан Орусиянын союздашы, Евразия экономикалык биримдиги менен ЖККУнун мүчөсү катары, албетте, Орусияны колдошу керек. Орусия бүгүн ага муктаж болуп турат. Союздаш деген мына ушундай оор күндөрдө ким экени билинет», — дейт тактан кулатылган президент. 

Ошондой эле Акаев «Батыш Украинаны Орусия жана КМШдан кантип ажырата баштаганы» тууралуу окуяны да билерин кошумчалады.  

«Мунун идеологу бир учурда президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы болуп иштеген, айтылуу профессор Бжезинский болгон. Орусия Украина менен дайым улуу держава, Украинасыз андай боло албайт деген тезисти дал ошол киши айткан. Анан ал ошол тезистин негизинде Украинаны Орусиядан ажыратууну сунуштаган. Тезис иш жүзүнө ашкан. Бирок мен ал жаңылышкан дегим келет. Орусия азыр кайра жаралды. Ал Украинасыз эле улуу держава. Ал эми Украина бүгүн сынык таштектин жанында калды», — деп эсептейт Акаев.  

Орусиянын катарында согушкан кыргызстандыктардын камакка алынышы 

Кыргызстанда Орусиянын Украинага каршы согушуна катышкан эки кыргызстандык кармалганы расмий белгилүү. 

2023-жылдын январь айынын башында УКМК алгач Аскар Кубанычбек уулун кармаган. Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал соттолгондон кийин аны менен Орусиянын RT телеканалынын журналисттери байланышкан.

Кубаныбек уулу журналисттерге курган маегинде Орусия бийлигинен жардам жана орус жарандыгын сураган.  

Ал эми 2023-жылдын 15-августунда УКМК ЧВК Вагнердин курамында согушка катышкан дагы бир кыргызстандык кармалганын билдирген. Шектүү 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштегени кетип, ал жактан камакка алынып, Орусиянын колонияларынын биринде жазасын өтөп жүргөн. 

Орусия Украинага каршы согуш ачканда ЧВК Вагнер* аны согушка тартып, ал контрактык негизде «Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан» аскер тобунун катарына кошулган.

Украинага кол салуу жана Путинди камакка алууга ордер 

Буга чейин Гаагадагы Эл аралык жазык соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Орусиянын балдар укуктары ыйгарым укутуу өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алуу боюнча ордер чыгарган. Буга Украинанын басылып алынган аймактарындагы жаш балдардын Орусияга мыйзамсыз, мажбурлап алып чыгарылганы негиз болгон.

Гаага сотунун юрисдикциясын, Рим статутуна ылайык, Европа биримдигинин жана Түштүк Американын бардык өлкөлөрү, кээ бир африка өлкөлөрү, ошондой эле Тажикстан менен Ооганстанды кошуп 123 мамлекет тааныйт.

Рим статутуна АКШ, Кытай, Индия, Орусия, Израиль, Түркия жана Иран кол койгон эмес.

Кыргызстан документке 1998-жылы кол койгон, бирок аны ратификациялай элек. Бул деген эгер Путин Кыргызстанга келсе, ал камакка алынбайт дегенди билдирет.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага толук масштабда кол салуусун баштаган. Орус армиясы республиканын аймагындагы согуш аракеттин бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүп келет.