Гүлшайыр Абдирасулова: Кыргызстанда буга чейин митинг өткөрүү ниети үчүн иш козголгон эмес

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өлкөдөгү тынч чогулуштар менен байланыштуу окуялардын хронологиясын чогултуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды.

Абдирасулова хронология менен катар эле салыштырма анализ да жасап жатканын белгиледи.

«Менин иш тажрыйбамда, ушунча жылдан бери жаран тынч чогулуш өткөрүүгө аракет кылганы үчүн эле жоопко тартылган окуя болгон эмес. Эч качан!» — деп жазды ал.

Абдирасулова тынч чогулуштар дайыма эле өткөрүлүп келген, ал эми «бийлик келгенине жыл айланбай жатып эле кысымга ала баштады», — деп кошумчалады.

«Бирок, ошондо деле, кылмыш жоопкерчилиги эмес, административдик гана чаралар болчу. [Камчыбек] Ташиевди колдоп Жалал-Абадда жол тосуп, боз үйлөрдү тиккен учурлар жана учурдагы президент [Садыр] Жапаровдун туугандары тынчтык чогулуштарына чыгышкан, бирок эч ким аларды тынчтык митинг уюштуруу аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес да», — деп жазды укук коргоочу.

Бул билдирүүсүн Абдирасулова жазуучу Олжобай Шакир уулу кармалган шартта жасады. УКМК аны массалык башаламандыкка чакырууга, ИИМдин кызматкерлеринин талабын аткарбоого жана бийликти басып алууга аракет көрүүгө айыптап кармаган.

Мурдараак Шакир уулу Фейсбук барагына пост жарыялап, 31-августта Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөрө турганын билдирген.

Бишкектин борборунда тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганына эки жыл болду. Акыркы жолу бийлик чектөөнү 2023-жылдын 1-июлунан 1-октябрына чейин узарткан.

Соттун чечимине ылайык, төмөнкү жерлерде митингге чыгууга убактылуу болбойт:

  • Ала-Тоо аянты;
  • Эркиндик бульвары — Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттин жана Жогорку Кеңештин администрацияларынын алдында;
  • Панфилов атындагы паркта;
  • Турсунбаева атындагы скверде;
  • Жогорку соттун алдында;
  • Орусия элчилигинин алдында;
  • УКМКнын алдында.

Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митинг жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өтүшү керек.