Бишкек мэриясы адамды жүзүнөн тааныган камераларды сатып алууга 40 млн сом бөлөт

Бишкек мэриясы 2023-жылы адамдын жүзүнөн тааныган функциясы бар видеокамераларды сатып алууга 40 млн сом бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин сайтына жарыяланган муниципалитет менен ИИМдин ортосундагы кызматташуу тууралуу келишимдин долбоорунда айтылат. 

Документке ылайык, бөлүнгөн акча «сервердик жабдуу, видеобайкоо камераларын жана башка программалык, ошондой аппараттык жабдууларды алуу үчүн жумшалат». 

Ошондой эле долбоордо муниципалитет жергиликтүү бюджетте каражат бар болсо жыл сайын Бишкек шаардык кеңешинен ураксат алып видеобайкоо камераларын сатып алып турууга каражат бөлүп турушу керектиги айтылат.  

ИИМ болсо бул видеобайкоо камераларын жана серверлерди өз эсебинен жыл сайын тейлеп турууга милдеттүү. Мындан тышкары, министрлик мэриянын ыйгарым укуктуу органына камералардан алынган видеоматериалдар кароо жана алуу укугун, мэриянын талабы менен административдик укук бузууларды жазаган адамдардын жеке маалыматтары боюнча маалымат берүүнү камсыздоого тийиш. Ошондой эле үч жыл ичинде административдик укук бузууларды автоматтык түрдө фиксация кылуу үчүн программаны модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы керек. 

2023-жылы февралда Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган камералар коюла баштаган. Бул камералар коомдук тартипти бузгандарды аныктап, жол кыймынынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөөгө жана коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерине байкоо салууга жардам берери айтылган. 

Июнда ИИМ Кыргызстандын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдарды жүзүнөн таануучу функциясы бар сырткы видео көзөмөл камералары ишке киргизилгенин айткан. Анда ведомство 10 күн ичинде 57 адам кармалганын кабарлаган. Кармалгандардын арасында Орусияда кылмыш иши козголгон орусиялык активист Алена Крылова да бар болгон. Ал дагы бир орусиялык активист — Лев Скорякин менен азыркы учурда ТИЗО-1де. Экөө тең Кыргызстандан башпаанек сурашкан.