Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз тургун ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит сегиз адамды тиштеп, алар ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 25-августта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолбун ит табылып, жок кылынды. Кийинки изилдөө үчүн иттин мээси патологиялык материал катары Баткендеги ветеринардык лабораториясына жөнөтүлдү. 

Ошол эле ит 3 баш бодо малды тиштеп алганы аныкталып, алар учурда 10 күндүк байкоодо турат.

Ит тиштеген тургундардын баары Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, кутурмага каршы иммуноглобулин жана вакцинанын шартсыз курсу дайындалды.

Министрликтен инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылып жатканын маалымдашты.

Кутурма оорусу — бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору. Вирус адамга дээрлик 99% учурда үйдө багылган иттерден жугат. Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн. 

Инфекция адамга жана жаныбарларга тиштеп же тытып алганда, көбүнчө шилекей аркылуу жугат. 

Белгисиз ит тиштеп алган адам жараланган жерди дароо самын менен жууп, андан кийин тез арада жакынкы тез жардам бөлүмүнө кайрылышы же тез жардам кызматын чакырышы керек. Бейтап дарыгер белгилеген эмдөө курсунан өтүшү зарыл.

Дарылоо курсу — тиштелген жердин мүнөзүнө жана бейтаптын абалынын оордугуна жараша жекече тандалат. Эмдөө акысыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 19 адамды тиштеген иттен кутурма илдети аныкталды