Ошто 19 адамды тиштеген иттен кутурма илдети аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Ошто 19 адамды тиштеп алган иттен «кутурма» илдети аныкталды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Суу райондук бөлүмүнөн «Турмуш» басылмасына билдиришти.

Ошто 2-июнга карата 19 адам жолбун ит капканын айтып ооруканага кайрылган. Алардын 13ү Ош шаарынын жашоочулары — 11и жаш балдар. Ал эми калгандары шаарга жакын райондордун тургундары.

Санэпидкөзөмөл кызматы билдиргендей, кайрылгандардын баары 31-май күнү аларды «кара ит» тиштеп алганын айткан. Тургундарга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилген. Ошондой эле кутурмага каршы вакцина сайылган.

Буга чейин «Турмуш» басылмасы жолбун ит алгач Төлөйкөн айылындагы Мамакеев санаторийи жактан, андан соң Түштүк-Чыгыш кичи районунда тургундарды каап алганын жазган. Ит атып өлтүрүлүп, лабораторияга жиберилгени айтылган.

1-июнда Ош мэриясы жолбун иттерди атуу боюнча рейд башталарын билдирген. Ошондой эле ата-энелерге балдарды көчөдө кароосуз калтырбоону эскертишкен.

Тургундар белгисиз иттер каап алган учурда тез арада Тез жардам кызматына (103), ошондой эле Ош шаары, Курманжан-Датка көчөсү/157 дареги боюнча Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна кайрылcа болот. Оорукананын байланыш телефону: (03222) 4-85-97.

Мэриядан ит багуучулар керектүү эмдөөлөрдү жүргүзүп, адамдарга кол салбоосу үчүн эрежелерди сактоого тийиш деп кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто жолбун ит капты деген 19 адам ооруканага кайрылды