Ош: Борбордук стадион 42,7 млн сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадион 42 млн 715 миң 870 сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу «Клоопко» 25-августта шаардык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадионго жалпы 11 миң отургуч орнотулду. Курулуш иштерин «Универсал Компани ЛТД» ЖЧКсы жүргүзгөн.

«Тышкы жана ички жасалмалары, жарыктандыруу тутуму жаңыланды. Ошондой эле спортчулардын кийим алмаштыруучу, жуунуучу жайлары, ажатканасы жаңыланып, узундугу 12, туурасы 4 метр LED-экран орнотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, калаа бийлигинен стадиондун административдик имараттын сырты жаңыланып, футболчулардын кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдоодон өткөрүлөрүн белгилешкен.

Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы 12 миң көрүүчүгө ылайыкталып курулган. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн. Ошол убакыттан бери отургучтары талкаланып, чуркоо тилкесинде жаракалар кетип, административдик имаратынын сырты эскирип оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген.

Акыркы жолу 2019-жылы Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланганынын шылтоосу менен стадион оңдоп-түзөөдөн өткөн. Анда жергиликтүү жеке ишкерлер оңдоо иштерин колдоого алып, 10 млн сомго жакын каражат бөлүшкөн. Каражатка стадиондун VIP залы, отургучтары жана ажатканалары жаңыланып, бирок оңдоо иштери сынга кабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөөгө 25 млн сом сарпталат

Сүрөт баян: Оштун башкы стадиону 19 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек

Оштун борбордук стадиону жеке ишкерлердин каржылоосу менен оңдолууда

Бир кадр менен: Оштун стадионуна орнотулган ыңгайсыз отургучтар

Бир кадр менен: Оштун бийлиги стадиондогу туура эмес орнотулуп калган отургучтарды алып салды