Медиакоомчулук бийликтен жазуучу Олжобай Шакирди бошотууну талап кылды

Өлкөдөгү медиакоомчулук бийликтен «Массалык башаламандыкка чакырык таштоо» жана «Бийликти күч менен басып алууга» айыпталып жаткан жазуучу Олжобай Шакирди эркиндикке чыгарууну талап кылды.

Билдирүүдө жазуучу «соцтүйүн аркылуу төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы элди тынчтык митингине чыгууга үндөп, бийликтен элге отчёт берүүнү талап кылганы үчүн камалганы» айтылат.

«Конституция жана Адам укуктарынын жалпы декларациясы кыргызстандыктарга сөз эркиндигин жана тынч чогулуш өткөрүү укугун кепилдейт. Бирок укук коргоо органдары алардын мыйзамдуу талабын “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талабына баш ийбөө, массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган чагымчыл билдирүү” катары чечмелейт. Кармоо жана камоо бийликтен ачыктык жана жоопкерчиликти талап кылган, катачылыктары үчүн сындагандарга карата колдонулат», — деп белгилешти бир катар журналисттер.

Ошондой эле медиакоомчулук «Азаттык», «Клооп» жана «Кактусту» жабууну талап кылган митингде «Азаттыктын» имаратын өрттөйм деп коркуткан блогер Илимбек Исраиловго эч кандай чара көрүлбөгөнүн эске салышты.

«Бийлик мыйзамды жашоочулар ыңгайсыз суроо бербеши, тынч чогулуш өткөрбөшү жана бийликтен эл алдындагы милдеттерин аткарууну талап кылбашы үчүн журналисттерди, укук коргоочуларды, жарандык активисттерди жазалоочу куралга айлантты», — деп белгилешти алар.

Жазуучунун кармалышы

Олжобай Шакирди УКМК кызматкерлери суракка алып кеткени тууралуу 23-август күнү кечинде белгилүү болгон. Анын жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу жети сааттан бери дайынсыз экенин айтып чыккан.

Ал эми 24-августта Биринчи май райондук соту жазуучуну ТИЗО-1ге 2 айга камакка алган.

Жазуучу Олжобай Шакир. Сүрөт: Бакыт Автандил

Ага дейре Шакир фейсбук барагы аркылуу элди Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу тынчтык митингине чакырган. Ал буга чейин эле бийликти байма-бай сындап келген.

Ал эми Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери 17-августта маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот жазуучу Олжобай Шакирди 2 айга камакта калтырды

Жазуучу Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга» шектелип кармалды