Төкмө акын Арген Биймырза уулу Казакстанда өткөн эл аралык айтышта баш байге жеңди

Кыргызстандык төкмө акын Арген Биймырза уулу Казакстандын «Тамыры терең Таскала» аталышындагы эл аралык айтышта баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу «Клоопко» 26-августта «Манас» театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айтыш Батыш Казакстан облусундагы Таскала районунун 90 жылдыгына арналып уюштурулган. Ага Кыргызстан менен Казакстандын 16 төкмө акыны катышты.

«Таскала районунун акими Бауржан мырза жеңүүчүгө аргымак мингизип, атайы сый көрсөттү. Кыргыз-казактын көөнө өнөрүн даңаза кылып келе жаткан төкмөлөрүбүзгө ийгиликтерди каалайбыз. Эки элдин ынтымагы түбөлүктүү болсун», — деп белгилешти «Манас» театрынан.

Төкмөчүлүк — алдын-ала даярдыксыз белгилүү бир көрүнүш жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү. Ал 2003-жылы Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.

Аталган тизмеде «Манас, Семетей, Сейтек» үч илтиги, дастанчылык, кийиз, шырдак жасоо, Нооруз майрамы, эркектердин ак калпак улуттук баш кийими, көк бөрү, тогуз коргоол оюндары да бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Садыр Жапаров казакстандык төкмө Биржан Калдыбаевге аргымак мингизди