ЖМК: Майрам Акаева Бишкектеги ресторандардын биринде апасынын ашын өткөрдү

Кыргызстандын биринчи качкын президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Бишкектеги ресторандардын биринде апасынын ашын өткөрдү. Бул тууралуу бир катар ЖМК жазып чыкты.

Социалдык тармактарда ресторанда тартылган видеолор да тарады. Андан Акаеванын келген меймандар менен кол алышып жатканын көрүүгө болот.

Маалыматты тактоо үчүн Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбековго байланышканыбызда, «аш тууралуу маалыматы жок экенин» билдирди.

Майрам Акаева өткөн жылдын январь айында апасын акыркы сапарга узатуу үчүн 2005-жылкы революциядан бери биринчи жолу Кыргызстанга келген.

Аскар Акаевдин өлкөгө келиши

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Садыр Жапаров бийликке келгенде, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдо талкуу жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында Башкы прокуратура Акаевге карата «Кумтөргө» байланыштуу козголгон кылмыш иштери мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулганын кабарлаган.

Азыркы тапта Акаев Москва мамлекеттик университетине караштуу Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт. Ал пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келерин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Майрам Акаева апасын акыркы сапарга узатуу үчүн өлкөгө кайтып келди

Бозгун президент Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келерин айтты