Бозгун президент Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келерин айтты

Аскар Акаев. Сүрөт: Интернеттен алынды

Кыргызстандын бозгундагы туңгуч президенти Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин мекенине кайтып келет. Бул тууралуу ал 27-июнда Орусиянын расмий «ТАСС» басылмасына берген маегинде билдирди.

Акаев азырынча Москва мамлекеттик университетиндеги ишмердүүлүгүн улантарын айтты.

Бозгундагы биринчи президент жубайы Майрам Акаева менен 18-майда Кыргызстанга келген. Биринчи кезекте алар Майрам Акаеванын 2022-жылы январда каза болгон апасына куран окутканы Таласка барышкан, андан соң Политехникалык университетте жана Илимдер академиясында лекция окуй турганы маалым болгон.

Бул кабар окуу жайдын студенттеринин жана депутаттардын арасында нааразы пикирлерди жараткан. Ал эми 22-майда билим берүү министри Каныбек Иманалиев Акаев «окуу жайларда лекция өтпөйт» деп ишендирген.

Аскар Акаев жана анын өлкөгө келиши

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Садыр Жапаров бийликке келгенде, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаев 2005-жылы Орусияга качып, азыркы тапта Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Биринчи бозгун президент Аскар Акаев аялы менен Кыргызстанга келди. Ал окуу жайларда лекция өтөт

«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды