Майрам Акаева апасын акыркы сапарга узатуу үчүн өлкөгө кайтып келди

Майрам Акаева жана Аскар Акаев. 

Тактан кулатылган президент Аскар Акаевдин жубайы — Майрам Акаева 25-январга караган түнү Кыргызстанга учуп келди. Бул маалыматты «Клоопко» Акаевдердин үй-бүлөсү менен достук мамиледе болгон Бекболот Талгарбеков ырастады.

Талгарбековдун айтымында, Майрам Акаева бир нече күн мурда көз жумган апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн келген.

«Азыр ал Таласка баратат. Аны менен чогуу уулу да учуп келген. Аскар Акаев келген жок», — деди Талгербеков.

Маркумду жерге берүү зыйнаты 26-январда өтөрү белгилүү.

Майрам Акаева 2005-жылы болгон революциядан бери биринчи жолу Кыргызстанга келди. Ал революцияда эл Акаевди тактан кулатып, үй-бүлөсү өлкөдөн качып кеткен.

Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келиши

Тактан кулатылган Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген. Эртеси күнү ал «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берген.

2021-жылдын 20-декабрында Акаевдин үзөнгүлөшү Бекболот Талгарбеков ЖМКларга Акаевге тагылган айыптын баары алынганын, эми ал Кыргызстанга тынчыраак келип кете аларын маалымдаган.

Ал эми УКМК 21-декабрда Акаевге карата кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын жана ага карата тагылган айып алынбаганын билдирген.

Ал өлкөдөн качкандан 16 жыл өткөн соң, 2021-жылдын 2-августунда биринчи жолу Кыргызстанга келген.

Анда Акаевди аэропорттон күч түзүмдөрүнүн кызматкерелери тосуп алып, УКМКга «Кумтөр» иши боюнча суракка алып кетишкен — ал жактан Акаев кечке жуук чыккан. Анда Башкы прокуратурадан Акаев бул иш боюнча «тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын» белгилешкен.

Акаев өлкөгө келгенде президент Садыр Жапаров жана башка расмий адамдар менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барууга үлгүргөн.

Өткөн жылдын 8-августунда анын Москвага учуп кеткени белгилүү болгон — ага чейин Акаев мекенине кайтуу ниети бар экенин билдирген.

Бозгун президент Аскар Акаев өлкөнү 15 жылдын ашык башкарган. Ал 2005-жылдын 24-мартында «Жоогазын революциясынан» улам тактан кулаган. Төңкөрүшкө эл аралык байкоочулар таза өткөн жок деп тапкан парламенттик шайлоо түрткү болгон.

Дагы окуңуз: Аскар Акаев: Бир гана Садыр Жапаров мага адилет мамилесин көрсөттү

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты