Коррупцияга шектелген Курманкул Зулушевдин кайниси 30-майда эле үй камагына чыкканы белгилүү болду

Бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси 30-майда эле үй камагына чыккан. Бул тууралуу 28-августта «Клоопко» Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен шектүүнүн бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Бөгөт чарасынын мөөнөтү 7-июлда каралып, 14-сентябрга чейин узартылган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында УКМК алты бажы кызматкерин жана жеке компаниянын үч өкүлүн аткез жол менен товар ташууга шектеп кармаган. Маалыматта мамлекетке келтирилген зыян алдын ала 1 млрд сом деп бааланган.

Кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жакындары бар экени айтылган. Ошол эле күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Зулушевдин кайниси кармалганын тастыктаган.

«Бул ишке Курманкул Зулушевдин эч кандай тиешеси жок. Эгер анын кайниси камалса, мамлекетке зыян келтирсе, мыйзам чегинде келтирген зыяндын ордун толтурат. Анан мыйзамдуу жазасын алат. Эгер күнөөсү жок болсо, жазадан бошотулат», — деген ал.

Ташиев өз сөзүндө аткаминерлердин жакындары да кадимки адамдардай эле «аёсуз жоопко тартылат» деп белгилеген.

Кармалган бажычылардын арасында депутат Надира Нарматованын уулу да бар экенин маалымат каражаттары жеке булактарга таянып жазышкан.

Ал эми 11-майда Биринчи май райондук соту депутат Нарматованын уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Сот бул чечимди УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде кабыл алганы маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Келишпестик жок». Ташиев Зулушевдин кайниси коррупцияга шектелип кармалганын тастыктады

Бажыдагы коррупция. Сот депутат Нарматованын уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

«1 млрд сом зыян». Аткез жол менен товар ташууга шектелип алты бажычы жана үч ишкер кармалды