Кызыл-Кыя: Жолбун ит тиштеген сегиз адамдын алтысы ооруканадан чыкты

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит тиштеп алган сегиз адамдын алтысы ооруканадан чыкты. Бул тууралуу 28-августта «Азаттык» басылмасы аймактык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциялык оорулар башкармалыгына таянып жазды.

Жолбун ит сегиз адамды тиштеп, алар ооруканага жаткырылганы тууралуу 25-августта белгилүү болгон

Саламаттык сактоо министрлиги жаралангандарга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалганын, инфекциянын жайылытпоо үчүн бир нече иш-чаралар уюштурулуп жатканын белгилешкен. 

Ал эми адамдарга кол салган ит жок кылынып, ветеринардык лабораторияга патологиялык материал (иттин мээси) жөнөтүлгөн.

Жолбун ит андан сырткары үч бодо малга дагы тиш салганы аныкталган. Министрлик бодо мал он күндүк байкоого алынаарын кошумчалаган.

Кутурма оорусу — бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору. Вирус адамга дээрлик 99% учурда үйдө багылган иттерден жугат. Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз тургун ооруканага түштү