Акыйкатчы: Сахароводогу атайын кармоочу жайда 200дөн ашуун кыргызстандык бар

Орусиянын Москва облусундагы Сахарово кыштагында ИИМдин мигранттарды убактылуу кармоочу атайын жайда азыркы тапта 209 кыргызстандык бар. Бул тууралуу 28-августта Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ал жака жөнөтүлгөн кыргызстандыктар менен жолугуп, аларды кармоо шарттары менен таанышканы белгиленет. Ошондой эле басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Акыйкатчы институтунун, Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргыстандыктарга юридикалык консультацияларды беришкен.  

«Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды. Жамиля Жаманбаев аталган арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан биргелешип карала турганын белгиледи. Кыргызстандын жарандарынын иштери боюнча материалга ылайык, аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган үчүн кармалышууда, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен Акыйкатчы институту кыргызстандыктар Сахаровдогу ИИМдин атайын мекемесинде канча убактан бери кармалып турганын айткан жок. 

Июлдун ортосунан тартып соцтүйүндөрдө Орусиянын күч кызматкерлери борбор азиялык мигранттарга каршы рейддерди жүргүзүп жатканы тууралуу маалыматтар чыга баштаган.

 

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Орусияда бир миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүрөт. Жалпысынан республиканын 1,1 млндон ашык жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт.