Баткен: Сот аялынын кулагынын тарсылдагын жара чапкан кишини 20 миң сом айыпка жыкты

Баткен райондук соту аялынын кулагынын тарсылдагын жара чапкан кишиге 20 миң сом айып салды. Бул тууралуу «Клоопко» 29-августта облустук соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июлда Кара-Бак айылында болгон. 31 жаштагы аял күйөөсүнө кургатылган өрүктөрдү сатып, карызды төлөөнү сунуштаган. Аны уккан жолдошу аялын башка чаап, далыга уруп жиберген.

Жабырлануучу кулагы укпай калганын, дарыгерлер болсо «кулагынын тарсылдагы жарылган» деген диагноз койгонун айтып чыккан. Ал эми шектүү аялын урбаганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бул боюнча «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен иш козголгон. Кийин сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айыпка жыкты.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылдын жети айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 5911 учуру катталган.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө деп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 2021-жылдагы отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошондой эле зомбулукка кабылгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулук тууралуу айтып чыгуудан тайсалдашаары кошумчаланган.

Эгер сиз зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз, жардам алуу үчүн милицияга жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637;
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Улуттук статком: Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, саясат жана экономика тармагында аялдар аз