«Электр тармактары» күнүнө бир нече саат жарыкты өчүрүү келишими боюнча маалыматты төгүндөдү

Абоненттерден суткасына бир нече саатка электр жарыгын өчүрүүгө макулдук берүү жөнүндө келишимге кол коюу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 29-августта «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынан билдиришти.

«WhatsApp группаларда жана мессенжерлеринде текшерүүчүлөр абоненттерден суткасына бир нече саатка электр жарыгын өчүрүү боюнча келишимге кол коюуну суранып жаткан үн билдирүүлөрү таратылууда. Бул маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Ишканадан абоненттер менен учурда «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу эсеп дүмүрчөктөрдү электрондоштуруу боюнча келишим түзүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Кошумча келишим. Сүрөт: Интернеттен алынды

Ошондой эле кошумча келишимде электр энергиясын керектөө режимин сактоо боюнча пункт камтылып, анда эң жогорку сааттарда керектөө режимин сактоо зарыл экени эскертилген. 

«Анткени бул убакта бир нече энергияны көп талап кылган түзмөктөр иштеп жатканда бир убакта күйгүзүлсө, жабдуулар ысып кетип, авариялык абалга алып келиши мүмкүн», — деп эскертишти ишканадан. 

Керектөө режими эң жогору мезгилдер — октябрь айынан тарта мартка чейин таңкы 06:00дөн 09:00гө чейин; ал эми кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук энергохолдинг: Эми электр энергиясына болгон баа жыл сайын өзгөрүп турат