Видео: Сүрөткө түшүү үчүн «Барсанын» белгилүү оюнчуларын көздөй чуркаган күйөрмандар

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык «Барселона» футболдук клубунун атактуу оюнчулары кичинекей бөбөктөр, блогерлер жана өнөр адамдары менен футбол ойношту. Оюн учурунда айрым күйөрмандар күч түзүмдөрүнүн каршылыгына карабай аянтка чуркап чыгышты.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kloop кыргызча (@kloopkyrgyz)

Уюштуруучулар күйөрмандарды талаага чуркап чыкпагыла деп өтүнгөнүнө карабай, оюн бүткүчө мындай көрүнүш бир канча жолу кайталанганы айтылат.

Ушундай эле көрүнүш атактуу футболчулар кечки тамак ичип жаткан ресторандын ичинде да кайталанды.

Бүгүн, 30-августта Бишкекте «Барсанын» жана «Азиянын» легендаларынын ортосунда футбол боюнча беттеш болот. Анда президент Садыр Жапаров да Азиянын командасында ойной турганы белгилүү.

Кыргызстандагы «Барсанын» академиясы

«Клооптун» журналисттери иликтөө чыгарып, «Барселона» футболдук кулубунун Кыргызстандагы франшизасынын ээлеринин катарында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен өлкө башчысынын жакын адамдары бар экенин айтып беришкен.

Мамлекет башчысы иликтөөчү журналисттердин маалыматтарын бышыктаган. Бирок аны менен кошо Жапаров журналисттерди «чымындан пил жасап, жамандык эле жазып, инвесторлорду үрктүп жатышат» деп кескин сынга алган.

Анын эртеси эле Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу тууралуу доо арыз бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.

Ошол эле кезде документтин көпчүлүк бөлүгү таптакыр эле башка темага арналган — «Клооптун» материалдары Кыргызстанга терс таасир этип жаткан имиш.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?

ЧУКУЛ КАБАР! Шаардык прокуратура «Клоопту» жоюуга арыз берди

Президент «Барселона» академиясына анын жана Ташиевдердин тиешеси бар экенин ырастады

Бир кадр менен: Жапаров менен Ташиев «Барсанын» легендарлуу оюнчулары менен жолугушту