Ош: Күйөрмандар «Ынтымак» көк бөрү командасынын оюнчуларына ат мингизди

Ош облусунда көк бөрү оюнунун күйөрмандары «Ынтымак» командасынын капитаны Жолдошбек Орозбаевге жана оюнчу Өмүрбек Эсен уулуна аргымак тартуулашты. Бул тууралуу «Клоопко» 1-сентябрда Ош облусунун Көк-Бөрү федерациясынын президенти Шавкат Жунусов билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ынтымак» командасынын капитаны Орозбаевге Ош шаардык кеңешинин депутаты Кушбак Шайиев таза кандуу аргымак тартуулады. Ошондой эле команданын оюнчусу Эсен уулуна элдин, күйөрмандардын атынан ат мингизишти.

«Улуттук оюн — улуттун арасында урушту, талаш-тартышты жаратпашы керек. Биз, кыргыз эли, бирдиктүү болушубуз керек. Азыраак адамдын чагымына алдырбай, өзүбүздүн сый-урматыбызды, маданиятыбызды [сактайлы]. Баатыр мүнөз көк бөрүчүлөрдөй болуп адилеттүү, бийик бололу», — деди Кушбак Шайиев.

Көк бөрүдөн чыккан чыр

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусунда көк бөрү оюну өткөрүлүп, анын финалында Таластын «Ынтымак» командасы Оштун «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко алып, анда жалпы алты киши жабыркап, бир укук коргоо органынын кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген. Ташиев чагымчылдыкка алдырбоого жана ынтымакка чакырган.

Ал эми ИИМ окуяга байланыштуу соцтармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.

1-сентябрда Ош милициясы чырга тиешеси бар 25 кишини кармады. Териштирүү уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Көк бөрү оюнундагы чырга байланыштуу 25 киши кармалды

Ош: Көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркады, бир улакчы ооруканага түштү

Көк бөрү чыры: Талас ОИИБи соцтармакка тараган видео боюнча териштирүүнү баштады