Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада үч медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Венгрияда өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадада үч медаль жеңди. Бул тууралуу 4-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 35-жолу уюштурлуп жаткан сынак Венгриянын Зегед шаарында 28-августтан 4-сентябрга чейин өттү. Ага Кыргызстандан төрт окуучу катышып, байгелүү орундарга татыды:

  • Күмүш медалга Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Айдар Мундузбаев ээ болду.
  • Коло байгеге Жалал-Абад шаарындагы Курманбек Баатыр атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Тенгиз Беккойонов менен Нарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков татыды.
  • Ал эми Таластагы Манас-Ата лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков ардак грамота менен сыйланды.

Эл аралык олимпиадага катышкан Кыргызстандык команданын жетекчиси — Павел Панков. Ал эми окуучуларды сынакка даярдаган мугалим — жетекчинин жардамчысы Кылычбек Ураимов.

International Olimpiad in Informatics — информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир мамлекеттен төрттөн окуучу катыша алат. Быйыл сынакка 90 өлкөдөн келген 355 окуучу катышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Билим берүү министри: Мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат

Мектеп окуучуларынын окуу дептерлери өлкө ичинде басып чыгарыла баштайт — билим берүү министри