Ноокенде 42 жаштагы киши мылтыктан ок чыгарып, 15 жаштагы өспүрүм каза тапты

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун 15 жаштагы мектеп окуучусуна ок тийип каза болду. Бул тууралуу 4-сентябрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы тургуну 25-августтан 26-августка караган түнү саат 00:30 чамаларында аталган айыл аймагындагы почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралы менен бир ирет ок чыгарган. 

Анын аткан огу ошол эле айылдын 15 жаштагы тургунунун башына тийип, алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Окуя Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. 

Окуяга шектүү катары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы тургуну кармалып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

4-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда 30 жаштагы киши октон жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Ош облустук милициядан «Клоопко» окуяга катыштыгы бар жана күбө болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатканын айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жандандыруу бөлүмүндө». Кара-Сууда белгисиз бирөөлөр 30 жаштагы кишиге ок чыгарды

«Камакка алына элек». Кара-Сууда тургунга ок чыгарган шектүүнүн ким экени аныкталды