Бишкекте өспүрүмдү уурдап, ур-токмокко алган алты киши кармалды

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: Ленин РИИБи

Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдү уурдап, ур-токмокко алган алты киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 5-сентябрда Ленин РИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шектүүлөр өспүрүмдү 3-сентябрга караган түнү Садырбаев менен Валдай көчөлөрүнүн кесилишинен унаага күч колдонуу менен отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Баланын денесине залал келтирип, андан соң из жашырып кетишкен. 

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан «Адам уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Милициядан кылмышка шектүү катары 18, 23 жана төрт 19 жаштагы киши — жалпы алты шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

17-февралда Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт кишиден турган топ кармалган

Шектүүлөр жабырлануучуга физикалык күч колдонуп, курч предмет менен коркутуп 200 миң сом акча талап кылышкан. Андан соң «Redmi» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун алып, арыз ээсин белгисиз жакка таштап из жашырып кетишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт киши кармалды