Сокулук: Турак үй өрттөнүп 8 жашар бала каза болду

Сокулук айылындагы Кайназарова көчөсүндөгү турак үй 5-сентябрдын таңында, болжолу 5:30 чамалуу өрттөнгөн. Анда үч жылдан бери ижара акысын төлөп төрт балалуу үй-бүлө жашачу.

Turmush басылмасы үй ээси үч баланы сыртка алып чыкканга жетишип, сегиз жаштагы уулун чыгарууга үлгүрбөй калганын жазды.

«2015-жылы туулган баласы набыт болду. Калган үч баласы аман-эсен экен. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай — кыш келе жатканда үй-бүлө турак-жайсыз калды», — деп айтып берген кошуналары басылманын кабарчыларына.

ӨКМ бул боюнча расмий маалымат тарата элек, өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.

Кырсыктан жабыркаган үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар үчүн Mbank капчыгынын номери: 0550 925 205

Буга чейин, 3-июлда Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен жалпы 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн. Жабыркагандар болгон эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Кара-Кулжанын Кайың-Талаа айылында мектеп өрттөнүп жатат

Ош: «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыкты, жабыркагандар жок