«Ышты азайтуу үчүн». Бишкекте Кара-Кече көмүрүн сатууга тыюу салынды

Бишкекте ышты азайтуу үчүн быйыл Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Бул тууралуу 5-сентябрда энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Байгазиевдин айтымында, Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатат. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.

«Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз», — деди ал.

Байгазиев Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет деп кошумчалады. Ошондой эле Бишкек ЖЭБине быйылкы сезондо керектеле турган 1,5 миллион тонна көмүрдүн 600 миңи Кара-Кеченики колдонулат.

Буга чейин бир нече жолу Кара-Кече көмүрүнүн зыяндуулугу көп экени, Бишкекте колдонууга тыюу салуу керектиги айтылып келген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада ыш менен күрөшүү үчүн «Кара-Кече» көмүрүн колдонууну азайтуу пландалып жатканын айткан.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи саптарга чыгат.

2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар дагы себеп экенин айткан.

Бийлик ыш менен күрөшүү үчүн Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну, ал эми күндүз шаарга жүк ташуучу унааларды киргизбөөнү, ошондой эле Бишкектин кире бериштерине катализаторлору жок унааларды аныктаган «унаа капкандарын» орнотууну ниеттенет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Ыш менен күрөшүү үчүн «Кара-Кече» көмүрүн колдонууну азайтуу пландалууда